Коборгон таш эстелиги Атбашыөрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Четкелтебек суусун бойлой кеткен капчыгайда тикесинен тургузулган. Бул жерден төрт чарчысынан келген таш коргончонун орду жана чопо идиш калдыктары табылган. Түзүлүшү жана мааниси жагынан байыркы түрк (6–9-кылымдарда) доорундагы маркумга арнап орноткон эстеликтерге жакын, бирок чопо идиш сыныктары караханийлер дооруна мүнөздүү. Коборгон таш эстелиги байыркы түрк доорунда курулуп, диний ырымдарды аткаруучу касиеттүү жай катары пайдаланылган.1989-жылы. К.Табалдиев изилдөө иштерин жүргүзгөн.




Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.

катары пайдаланылган. 1989-жылы. К.Табалдиев изилдөө иштерин жүргүзгөн.