Ковалевская Софья Васильевна

Ковалевская Софья Васильевна [3(15).1.1850, Москва — 29.1(10.2). 1891, Стокгольм] — орус математиги, жазуучу жана публицист, аялдардан биринчи Петербург ИАга (1889) корреспондент мүчө болгон. Ковалевская ар тараптуу билим алган. Ошол мезгилде Петербург университетинде аялдар окууга укуксуз болгондуктан, белгилүү педагог А. Н. Страннолюбскийден математика боюнча өзүнчө окуган. Билимин өркүндөтүү үчүн Гейдельбергге (1869), андан Берлинге (1870) келгенетикалык Берлин университети да билим алууга уруксат бербегендиктен, 4 жыл бою Ковалевская Вейерштрасстан сабак алган. 1974-ж. Ковалевскаянын Вейерштрасс тарабынан көрсөтүлгөн үч эмгегине Гёттинген университети сырттан философия илиминин докторлук наамын ыйгарган. Ковалевская Россияга (1874) кайтып келет, бирок 6 жыл бою Петербург университети орун бербегендиктен, илимий иштерден четтеп, адабий-публицистикалык ишмердик менен алектенет. 1881-ж. Берлинге, андан Парижге, 1883-ж. Россияга келет. 1883-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Стокгольм (Швеция) университетинин приватдоценти, профессор (1884) болуп иштеген. 1888-ж. «Катуу нерсенин кыймылсыз чекиттин тегерегинде айланышы жөнүндө маселесине» Париж, Швеция ИАнын сыйлыктары тапшырылган. Ковалевская — «Нигилистика» повестинин (1884), «Бакыт үчүн күрөш» (1887) сыяктуу көптөгөн адабий чыгармалардын автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү