Ковеллин (итал. химик И. Ковеллинин атынан) — сульфиддер классына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы CuS. Курамында 66,48% жез, 33,52% күкүрт бар. Гексагон системасында кристаллданат. Өңүтүсү күңүрт көк, металлдай жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5-2. С. салмагы 4,6. Жез, полиметалл, сульфид, колчедан кендеринин кычкылдануу аймагында пайда болот. Ковеллин — жездин кени.

Ковеллин.

Колдонулган адабияттар түзөтүү