Код (французча code, латынча codex — китеп дегенден) — белгилердин (символдордун) жыйнагы жана белгилүү эрежелердин системасы; алардын жардамы менен маалыматты билүү, иштетүү жана сактоо (эске тутуу) үчүн мындай символдордун жыйындысы түрүндө көрсөтүлүшү (коддолушу) мүмкүн. Код белгилеринин акыркы ырааты сөз деп аталат. Кодду жазуу үчүн көп учурда же цифралар жана сандар (0; 1; ...; 57; 927 жана башкалар ушундай сыяктуу), же белгилер [+ (плюс), — (минус), . (чекит) жана башкалар] пайдаланылат. Байланыш каналында, автоматика системасында, эсептөө түзүлүшүндө, техниканын жана башкалар түрдүү чөйрөлөрдө маалымат көрсөтүү үчүн колдонулат. Код түрүндө маалымат чагылдыруу тирүү жандарда да кеңири пайдаланылат. Коддоо информатикада — маалымат тексттерин кыскартылган шарттуу цифра белгиси менен алмаштыруу амалы; табигый тилдеги кандайдыр бир маалыматты код деп аталган шарттуу белгилер удаалаштыгы түрүндө которуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү