Кодификация
Кодификация (кийинки лат. codificftio, лат. codex — мыйзамдар жыйнагы жана facio — кылам) ― жаңы, тутумдаштырылган ченемдик укуктук актыларды түзүү боюнча мамлекеттик укук жаратуучу органдардын ишмердүүлүгү. Ал иштеп жаткан мыйзамдарды терең жана артараптуу талдоо аркылуу ишке ашырылат. Кодификациянын жүрүмүндө мыйзам тулкусунан эскирип калган ченемдик укуктук материалдар чыгарылып ташталат да, калган ченемдик укуктук актылары ичара тыгыз байланыштырылат жана өз ара жылмалаштырылат, анан өз алдынча тармактык мазмунга ээ болгон кодификацияланган актынын түзүмү куралат. Кодификация дайыма расмий мүнөзгө ээ болот.
Булактар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7