Кодоминанттулук - гетерозиготалык абалдагы эки башка аллердер менен аныкталган белгилер. Бул учурда, гетерозиготалык организмде бир гендин эки аллели тейлеген эки башка белоктор синтезделет. Кодоминанттулукка адамдын канынын IV (АВ) тобу мисал боло алат, анткени, бул топ А жана В аллелдери менен аныкталат.

Ар башка аллелдик жуп арасында гендердин өз-ара аракети - комплементардуулук эпистаз, полимерия, плейотропия түрүндө болот.

Комплементардуулук аракетте белгинин өөрчүшү үчүн бир нече аллелдик эмес (көбүнчө доминанттык) гендер катышып, алар бири бирин толуктап турат. Гендердин комплементардуулук аракети жаратылышта кеңири таркалган. Мисалы, жыттуу буурчакта гүлдүн түсү, эки доминанттык (А жана В) гендер менен аныкталат. Эгерде буурчактын генотибинде бул эки гендин бири жок болсо (АА вв жана аа ВВ), гүлдүн түсү ак болот. Эгерде өсүмдүк генотибинде (АаВв) эки ген тең болсо, гүлдөрү боёлгон болот, анткени комплементардуу ген (А жана В) бири бирин толуктап турат. Сүт эмүүчүлөрдүн клеткасында вирустардан коргонуу үчүн белоктун пайда болушу, комплементтүү өз ара аркеттенген аллелдик эмес, ар башка хромосомадагы эки генге байланыштуу, алардын бири 2-хромосомада , бири 5-хромосомада жайгашкан. Адамдын гемоглобини төрт полипептиддик чынжырчадан турат, алардын ар бири өзүнчө ген менен аныкталат. Демек, гемоглобиндин молекулаларынын синтезделиши төрт комплементардуу гендердин катышуусу менен ишке ашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү