Кожогор (Ходжа-Гор) эстелиги – жогорку палеолит дооруна таандык (биздин заманга чейинки 15–11-кылымдарга таандык.) археологиялык эстелик. Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасындагы Исфара суусунун өрөөнүндө Ходжа-Гор кыштагына жакын жерден 1954-жылы А.П.Окладников тарабынан табылган. Жогорку сапаттагы тунук, кара, жашыл түстөгү оттук таштан жасалган түрдүү көлөмдөгү жана түзүлүштөгү нуклеустар, жалпак тегерек кыргычтар, башы учтуу куралдар, көзөгүчтөр, эки кыры тегизделген жалпак таштар, жараңкалар табылган. Таш куралдары Каспий деңизи тарабында жогорку палеолит мезгилинде даярдалган куралдарга жакындыгы бар. Мындай куралдар Крымда, Иранда, Алдыңкы Азияда, Египетте кездешет.




Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.
тте кездешет.