Кожогулов Атахан
Кожогулов Атахан – акын. Кочкор районунун Чолпон айылында 1971-жылы 23-мартта туулган. 1987-жылы Чолпон орто мектебин, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин аяктаган.
1992–1993-жж. Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияда тарых мугалими болуп иштеген. 1993-жылдын март айынан Улуттук телерадио корпорациясынын адабий-драмалык башкы редакциясында, 2001-жылдан “Замана” студиясында кабарчы, алып баруучулук кызматтарды аркалап келүүдө.
1991-жылдан баштап мезгилдүү басма сөзгө ырлары, эссе, новеллары жарыяланып келет. Алгачкы китеби 1998-жылы “Көз мончок” деген ат менен жарык көргөн.
Ал Б.Пастернактын, А.Ахматованын, Ю.Кузнецовдун кытай, япон акындарынын айрым чыгармаларын кыргызчага которгон.
2008-жылы “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын отличниги” наамы берилген.
1994-жылы жаш акындардын сынагынын жеңүүчүсү аталып, Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон жана жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүКөз мончок: Ырлар. – Б.: Аят басмасы, 1998. – 41 б.
Деңиз муң: Ырлар жана поэма. – Б.: Бийиктик, 2003. – 108 б.
Чач агарткан чакырым: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2008. – 152 б.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6