Кожоканов Мукамбет (1906, Нарын областтык Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы — 1967, ошол эле жер) — малчы, Социалдык Эмгек Баатыры (1957[1]). 1952-жылдан Нарын облусундагы Тянь-Шань районунун «Коммунизм» колхозунда уйчу болуп иштеген. Ал 1956-ж. 58 өгүздүн ар бирин 414 кгдан мамлекетке тапшырган. Ленин ордени менен да сыйланган.


Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Муканбет Кожоканов Кыргызстан падышалык Орусиянын оторчулук заманында Он-Арча болуштугунда (азыркы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Он-Арчва айыл аймагына караштуу Эчки-Башы кыштагында) 1906-жылы туулган.

Теги - кыргыз. Тынымсейит уруусунан.

Он жашында анын айылдаштары улуттук-боштондук көтөрүлүшкө катышып, андан кийин Улуу Үркүнгө качканда, ал 10 жашар тестиер болгон.

Совет дооруна алгачкы советтик мектептен таалим алган.

1930-жылдары анын айылында уюшулган колхоз "Коммунизм" деп аталган.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки доордо М.Кожоканов айылындагы алдыңкы эмгекчилердин бири болгон. Малчылыктагы айрыкча эмгеги үчүн ал оболу Лнин ордени менен сыйланган.

Ал эми 1957-жылы ал Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон. (Бул наамды алган жалгыз эчки-башылык болуп калган).

Ошол кезде колхозду Жусай Байсабаев жетектеп турган. Ал дагы орденге татыган кадыр-барктуу башкарма болгон.

Анын Турар, Кыбат деген кыздары, Кылычбек, Сапарбек, Болотбек аттуу уулдары бар.

Ал 1967-жылы каза болуп, сөөгү Эчки-Башы суусу Он-Арча дарыясына куйган жерге жакын чыгышыраактагы дөңсөөгө коюлган жана күмбөз тургузулган. Анын күмбөзүнүн түштүгүрөөк тарабында дөңсөөдө Чоро ажы Айты уулунун күмбөзү турат.

М.Кожоканов жана анын айылы тууралуу адабият түзөтүү

  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл.
  • Суранова, Күмүш. Он-Арча. Бишкек, 1993.
  • Чороев К.К. Дөөлөт таңы: Повесть, аңгеме, новеллалар, эскерүүлөр / Редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2015. - ISBN 978-9967-15-497-1. - 304 бет, сүрөттөр.

Ички шилтемелер түзөтүү

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 6 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.