Кыргыздын көрүнүктүү 1966-жылы аяктаган.

1955-66-жылдары “Кыргызстан пионеринде” адабий кызматкер, андан соң 1966-77-жылдарга чейин “Кыргызстан” басмасында редактор, 1976-1983-жылдары республикалык метод борборуна бөлүм башчы болуп иштеген

Акындын адабий чөйрөгө аралашуусу 1959-жылы башталган. “Мугалимдер газетасына” анын “Мугалим” аттуу ыры жарыяланып тушоосу кесилген. Ошондон баштап чыгармалары газета-журналдарга үзгүлтүксүз жарыяланып келген.

1961-жылы “Көлчүктөгү ай” деген ат менен акындын тунгуч ырлар жыйнагы басмадан чыкса, кийин ага удаалаш эле “Биз турган жер бийик”, “Кызыл алма”, “Тоо үстүндөгү күн”, “Таңкы симфония”, “Күн, жер, жүрөк”, “От өчпөгөн коломто”, “Кызгылтым кеч”, “Нурлуу терезе”, “Токтогул ГЭСи”, “Таңкы жылдыз”, “Ай тийген тоо”, “Базарлык”, “Ыр булак”, “Калптар”, “Кыл чокулар” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары окурмандардын жана поэзия сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү чыгармаларына айланган.

Өзгөчө  балдар адабиятына зор салым кошкон айжаркын талант, айкөл жүрөк акын 1970-жылы “Кызыл алма” жана “Таңкы симфония” деген ырлар жыйнагы үчүн ага Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.

Акындын балдарга арналган чыгармаларынын тили жатык жана жумшак, элпек, көркөм, ал эми лирикалык каармандары бүткүл турпаты менен окурмандарды өзүнө тартып турат.

Т. Кожомбердиевдин “Түнкү серенада”, “Күн чыгышым”, “Толкундар”, “Ысык-Ата-Арашан”, “Энем жана атама”, “Ак маралым”, “Алгач сүйүүм”, “Уйкусуз гитара”, “Кайдасың сен”, “Баратабыз каякка”, “Садагам байчечекей” жана башка бир топ башка ырларына композитор-обончуларыбыз музыка жазышкан. Учурда радионун алтын фондусунан орун алган. Кыргыз музыкасына акындын кошкон салымы чоң. Композитор К. Молдобасанов, М. Абдраев, Т. Эрматовдор менен бирдикте “Саманчынын жолу” балет ораториясындагы ораториянын, “Гүлдө Кыргызстан”, “Шаңдан мекен”, “Элүү жылда элим жаңырды” деген кантаталардын тексттеринин ырларын жазган.

Анын айрым чыгармалары орус жана башка боордош элдердин тилдерине да которулган. Өзү дагы орус, япон, вьетнам акындарынын айрым ырларын кыргызчалаган.

Ал өзгөчө феномен, заманыбыздын, доорубуздун акыны. Өзүнүн кыска өмүрүндө көп чыгарма жаратып, терең лирик, ойчул, философ, чебер сүрөткер экендигин тастыктады. Чукугандай сөз тапкан курч сатирик экендигин айгинелеген юмор, какшык, мыскылдар да анын калеминен жаралган.

Кыргыз адабиятында акындын өзгөчө орду бар. Учурда жаш окумуштуулар, адабиятчылар Т. Кожомбердиевдин поэзиясын терең изилдешип, адабияттагы ордуна өзгөчө баа беришүүдө.

Ал 1989-жылы дүйнөдөн кайткан. 1990-жылы 25-июлдагы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен анын туулуп өскөн жериндеги Сары-Булак орто мектебине ысымы берилген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү