Кожомжаров Чоро (1942. 07 ноябрь., Нарын району, Учкун айылы - 13.4.1981, Бишкек ш.) — туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучу, көркөм жетекчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти.
1955-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүткөн.
1958-жылдан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист-музыкант (домбра-примида). Өзү комузда классикалык күүлөрдү черткен. 1968-ж. С. Жумашев, Б. Эгембердиев (комуз), О. Усубалиев (электр-комуз), А. Тезекбаев (аккордеон), Ю. Черкасов (басгитара), К. Мамасалиевдерден (урма аспап) турган аспаптык ансамблди уюштурган. Эстрадалык ансамбль үчүн өзү "Биз Тынчтыкты сүйөбүз", "Ашыгы келер көз болсо", "Кызганамын" аттуу ырларды жазат.
Кыргыздын элдик обончуларынын, композиторлорунун ырларын, залкар комузчуларынын күүлөрүн иштеп чыгат. Ансамбль Канада, Сирия, Алжир, Монголия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.
апасы Окен кызы Сатымбубу жубайы Зулайка 2 уулу бар.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Чоро Кожомжаровдун табышмактуу өлүмү Archived 2016-07-22 at the Wayback Machine
ЧОРО КОЖОМЖАРОВ - КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН БАШТООЧУСУ
АЛТЫНБЕК САПАРАЛИЕВ: "ЧОРО КОЖОМЖАРОВГО ЖОЛУККАН ТАГДЫРЫМА ЫРАХМАТ"