Кожояр кум-шагыл кени Ысык-Көл районунда, Кожояр кыштагынан 0,5 км чыгышта, Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы Ак-Суу суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1800–1900 м бийиктикте. 1972-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ортоңку төртүнчүлүк мезгилинин аллювий чөкмө тектери түзөт. Кум менен шагыл суунун кашат тектирин бойлой жайгашып, 1–2 кмге созулат. Калыңдыгы 25–30 м. Мындагы койташтар 37,25%, шагыл – 36,09%, кум – 26,54%, кумдагы чаң 3%. Шагылды чаңдан арылтып жуугандан жана талкалап майдалагандан кийин "300" маркасындагы бетонду алууга болот. Запасы А+В категориясы боюнча 4620 миң м3, С1 – 7934 миң м3, кумдуку А+В – 931 миң м3.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү