Козголуу – тирүү организмдин таасир эткен дүүлүктүргүчтөргө берген активдүү жообу. Козголуу негизги физиологиялык процесс. Ал нерв системасынын башкы функциясы болуп да эсептелет.

Козголуунун негизин химиялык жана физикалык процесстердин татаал түйүнү түзөт. Нерв системасынан турган бардык клеткалардагы коргонуу өткөрүүчүлүк касиетке ээ болуп, электрдик потенциал аркылуу иштейт. Козголуу клеткалардагы жана ткандардагы жылуулуктун көп бөлүнүп чыгуусун, зат алмашуудагы өзгөрүүлөрдү, иондордун (калий, натрий, кальций) орун которуусун камсыз кылат.

Козголуу нерв клеткаларында(нейрондордо) пайда болуп, нервдик импульс түрүндө биринен-экинчисине өтөт. Козголуу ички жана сырткы таасирлерден улам жаралган дүүлүгүүлөрдү кабыл алууга жөндөмдүү болгон рецепторлордон башталып, борбордук нерв системага (жүлүнгө жана баш мээге) берилет. Баш мээде кайра иштелип чыккан маалымат жумушчу органдарга(булчуңга, бездерге, кан тамырларга) жетет. Нерв системасында болуп жаткан козголуу- тормоздолуу процесси менен биргелешип иштейт. Мындай бирдиктүүлүк организмге келип түшкөн сигналдарды (дүүлүгүүлөрдү) кабылдоо жана кайра иштеп чыгуунун жүрүшүн жүзөгө ашырат.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004