Козлов Иван Яковлевич (1900, Украина, Полтава областтык, Бисал кыштагы — 1989, КР, Москва району) — бригадир, Социалдык Эмгек Баатыры (1948). 1947-жылдан Москва районундагы Энгельс атындагы колхоздун бригадири болуп иштеген. Граждандык согушка жана Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Анын бригадасы кант кызылчасын өстүрүүдө жогорку ийгиликтерге жетишкен. Ленин жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү