Козу карын оорулары - козу карындардын арасында айыл чарба өсүмдүктөрүнө түрдүү оору таркатуучу түрлөрү көп. Мисалы, ольпидиум козу карыны капустанын ; синхитриум картошканын мителери. Учурда жаратылышта эң көп таркаган К. к. о. «кара көөлөр» - дан өсүмдүктөрүнө (буудай, сулу,жүгөрү жана башка) өтө зыян келтиришип, дандын ордуна «көөлөр» пайда болот. Ошондой эле дат козу карындар, трутовиктер, дейтеромицеттер да чарбачылыкка өтө зыяндуу. Учурда токойлордо, бактарда трутовиктер көп жана алар дарактарды кыйратышат. Дат козу карындары жапайы жана маданий өсүмдүктөрдө өзгөчө илдеттерди пайда кылат.

Дейтеромицеттерден вертицилиум козу карыны пахтага өтө зыян келтирүүчү мите. Анын мицелиясы пахтанын тканына кирип, аны соолутат.

Күрөшүүнүн негизги жолдору: агротехникалык эрежелерди сактоо, туруктуу сортторду алуу, хим. жана биологиялык күрөшүү методдорун колдонуу.

Тырмак кычыткы же onychomycosis - Ошентип, анын тазалыгы, ар кандай үй-тырмак табак козу утуп бузулган жана түстүү тыгыздыгын өзгөртүүгө тырмак жатып туура төмөндөйт.[1]

Жазуулар түзөтүү

  1. Белгилери жана onychomycosis дарылоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү