Койбагарова Октомкан 1950-жылдын бугу айынын 20 (апрель) Сузак ооданынын Саты айылында туулган.
1967-жылы Көгарт орто мектебин артыкчылык менен бүтүргөн.
1969-жылы Оштогу соода техникумун аяктап, биринчи эмгек жолун Жалал-Абад шаарында дүкөндө баштаган. 1971-1973 жылдары Көгарт керек жарак коомунда.
1973—1984 жылдары Көгарт совхозунда эсепчи.
1984—2001 жылдары кампачы болуп иштеген. Ал эми 1997-жылы ал үй-бүлөлүк «Шамурза» фермердик чарбасын уюштурган. Мал чарбасын өнүктүрүү менен бир нече адамдарды иш менен камсыз кылган.
Жардамга муктаж атуулдарга материалдык колдоо корсотуп келет. Аялдардын оодандык, дубандыкк, республикалык конференцияларына, семинарларга катышып алган атаиын сертификаттары бар. Кыз-келиндер арасында иш жүргүзүп,аларга кантип кредит алып иштотууго боло тургандыгын үйрөтөт. Эл аралык уюмдар менен иштеп келет.
1994-жылдан тартып, турктердун дубандык «Турката» коомдук уюмунун вице-президенти. Аталган коомду уюштуруучулардын бири. Түрк улутунун үрп-адатын, маданиятын сактоого жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн дубандык жана республикалык «Турката» коомунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
2000-жылы Сузак оодандык Кенешине депутаттыкка шайланган. Сузак ооданындагы «Жергетал айылында аялдар Кенешин жетектейт.