Кой таштар
Кой таштар — жылмаланган, жумуру таштар (тоо тек бөлүкчөлөрү). Узун-туурасы 10 смден 1-2 мге жетет. Суу агызып, муз шилеп, үстүнкү беттери сүрүлөт, жылмаланат, жумуру, сүйрү, жалпак, тоголок түспөлгө өтөт. Айрымдарынын чоңдугу 10 мге жетет. Алар төө таштар деп аталат. Аллювий жана мөңгү чөгүндүлөрүндө кездешет. Курулушка пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9