Кокон автономиясы – Түркстандагы буржуазиялык-демократиялык өкмөт. 1917-жылы 26–29-ноябрьда (9–11-декабрь) Кокондо өткөн мусулмандардын атайын чакырылган крайлык 4-курултайында жергиликтүү элдердин кызыкчылыгына ылайык Түркстан автономиялык түзүлүшүн жарыялаган.

Кокон өзэркиндиги
Кокон аутономиясы

автономия
28 ноябрь 1917 — 22 февраль 1918


Желек Герб
Гимн
Түркстан улуттук маршы
Борбор калаа Кокон
Ири шаарлары Кокон, Анжиян, Маргалаң, Ош
Тил кыргыз тили, өзбек тили
Дин Ислам
Сулале (династия) Партия:
Алаш партиясы
Өтүүчүлүк
Орусия республикасы
Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы

Тарыхы түзөтүү

Курултай «Түркстан элдик советин» түзүү жөнүндө чечим кабыл алып, автономия өкмөтү түзүлгөн. Төрагасы Тынышпаев, кийинчерээк М.Чокоев болгон. Өкмөт Түркстан элдеринин өз алдынчалыкка жетишин жана эркин улуттук мамлекет түзүүсүн көздөгөн. Анын курамына жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен катар славян улутунун өкүлдөрү да кирген. Мис., Шаги-Ахмедов, Махмудов, Чанышев, Потеляков, Юсупов, Садыкбаев, Уразаев ж.б. өкмөттүн курамында иштеген. Түркстан чөлкөмүндө, айрыкча Фергана өрөөнүндө жергиликтүү калк жана орус интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн колдоосуна алынган. Кокон автономиясынын органы катары «Свободный Туркестан», «Эл байрак» (казак, кыргыз, өзбек тилдеринде), «Улуг Туркестан» (өзбек тилинде) гезиттери жигердүү иш жүргүзгөн. ОШОНДОЙ эле Скобелев шаарында (азыркы Фергана) басылып туруучу «Знамя свободы» гезити да үгүт-насаат иштерине көмөк көрсөткөн. 1918-жылы январда Түркстан жумушчу дыйкан Советтеринин съезди өтүп, анын катышуучулары Кокон Автономиясынын колдоп чыгышкан. «Шура-и ислам», «Шура-и улема», «Иттифак». «Союз трудящихся-мусульман» уюмдары «Крайлык мусулман жумушчулар союзуна» биригишкен. Кокондо түзүлгөн жаңы өкмөттүн эл арасында кадыр баркынын өсүшүнө каршы Ташкендеги Эл комиссарлар Совети биринчи күндөн баштап тескери үгүттү, ага каршы диверсиялык иштерди уюштура баштаган. Ал тургай жаңы өкмөттү мыйзамсыз катары эсептеп, мүчөлөрүн камакка алууга бүтүм чыгарышат. Ошондуктан, 1918-жылы февралдын аягында большевиктер жана дашнактар (большевиктер менен союздаш армян улутчул террористтик кыймылы) Коконду курал менен басып алып, массалык кыргынды уюштурушкан. Бул окуя Фергана өрөөнүндөгү улуттук боштондук күрөштүн жаңы баскычынын башталышына алып келген.






Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.