Кокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышы


Кокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышы
Кокон мамлекетинин саясий-административдик жактан андан ары өнүгүүсү менен өз алдынча ички-тышкы саясат чыналган. Фергана өрөөнүнүн экономикалык абалы бекемделген. Кокон хандыгы Фергана өрөөнүнөн сырткары жактарды караткан.

1842—1876-жж. Кокон мамлекетиндеги социалдык - саясий кризистердин курчушу жана хандыктын кулашы. Бул мезгилде социалдык, феодалдык жамааттар аралык карама-каршылыктардын өсүшү, мамлекеттик тузулуштун толук реформацияланбагандыгы, борбордук бийликтин феодалдык эзуусунун күчөшү саясий кризистерге, жарандык кагылыштарга, көтөрүлүштөргө алып келген. 1873-1876-жж. элдик кыймыл Кокон мамлекетин биротоло кулаткан. Фергана өрөөнүн орус колонизаторлорунун каратып алышына ьңгайлуу шарт түзүлгөн. 1741-1750-жж. Фергана өрөөнүнө калмактар бир нече жолу басып киришкен. Ушундай тышкы коркунучтун мезгилинде Кокон - Кыргыз союзу түзүлгөн. Кокон бийи Абдукарим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бий ферганалык кыргыздар жана кыпчактар менен бирдикте калмактарды Ферганадан кууп чыгышкан. Айыгышкан күрөш айрыкча Аксы тарапта болгон. Бул жерде кутлук сеиит уруусу калмактарга активдуу каршылык көрсөткөн. Фергана аймагынын Бухара хандыгынын карамагынан биротоло бөлүнүп чыгышы Ирдана бийдин (1751-1770-жж.) ишмердиги менен байланыштуу. 1754-ж. Бухара эмири Мухаммед-рахим, Кокон эгеси Ирдана бий жана кыргыздын кушчу уруусунун улугу Кубат бий тең укуктуу тектүү шериктер катары Тебеге чогуу жортуул уюштурушкан.

Кубат бий Гиссардын беги Мухаммед Эминбии айла-амал салып алардын ортосуна от жагат. Айлакер бектин көксөгөн максаты ишке ашып, көп өтпөй шериктер бири-биринен кол үзүп, туш тарапка кетишет. Ошол кезде кушчу уруусунун журту Анжияндын айланасындагы, кенири өрөөндү кучагына алган. Ирдана менен мамилени үзгөн соң Кубат бий өз алдынча элдин улугу, мырзалардын чыгааны катарында ак тоолук кожолор тарабында Кашкардагы саясий окуяларга катышат. Кубат бийдин кушчуларды дале болсо бийлеп тургандыгы тууралуу акыркы маалыматтар 1785-ж. таандык. XIX к. 40-жж. кыргыздардын көз каранды эместик үчүн кыймылы күч алып, кеңири аймакты кучагына алган. Ысык-Көл өрөөнүндөгү кыргыздар көтөрүлүш чыгарып, Каракол, Барскоон, Коңур-Өлөң чептеринен кокондук сарбаздарды кууп чыгышкан. Нарын аймагында Табылды баатыр жетектеген элдик кыймыл эки жылга созулуп, кокондук төрөлөрдү көптөгөн жоготууларга дуушар кылган. Черик уруусунан чыккан Турдуке баш болгон ат-башылык кыргыздар Кокон бегине салык төлөөдөн баш тарткан. Кыргыздарды тынчсыздандырууга кудурети жетпесин түшүнгөн Куртка беги Мамыразык эки жыл бою Анжиян бегинен кошумча сарбаз сурап турган. Ал эми 1845-ж. алайлык кыргыздар жана Ош аймагындагы ферганалык кыргыздар хан бийлигине каршы күрөшкө көтөрүлүп, ордонун коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурган. Ошондуктан Ошко Мусулман- кул колбашчылык кылган көп аскер шашылыш жөнөтүлгөн болчу. Кыргыздар жоонун жолун тороп, катуу каршылык көрсөткөн. Бирок курал-жарак жагынан кыйла артыкчылык кылган, баскынчылык жортуулдарда такшалган кокондуктардын жер жайнаган колунун кысымына, чабуулуна туруштук берүү мүмкүн эмес эле Мусулманкул көтөрүлүштү күч менен баскандан кииин Ошто туруп калат да, көтөрүлүшкө чыккан кыргыздарды аёосуз жазалайт. XIX к. биринчи жарымында кыргыз элинин Кокон хандыгына каршы күрөшүнүн тарыхый мааниси чон. Элдик кыймылдын күч алышынын натыйжасында баскынчылар жергиликтүү элдин катуу каршылык көрсөтүүсүнө кабылышып, көп аскеринен айрыл- ды, чыгашасы арбып, бийлиги бошоңдоду. Кыргыз элинин боштондук күрөшү Кокон хандыгын кыйла алсыратты. Кыргызстан- да кокондук бектер жана сарбаздар туруктуу, бекем биилигин орното алышкан жок. Кыргыз элинин көз каранды эместикке, өз алдынча болууга умтулуусу ого бетер күчөдү. Кыргызстандын ар кайсы аймактарын мекендеген айрым кыргыз уруулары саясий жактан биригүүнүн зарылчылыгын түшүнө баштады. Кокон хандыгындагы ич ара чыр болгону менен феодалдык бытыраңдылык- чатактар. Хандыктын белгилери сакталган. Бийлик үчүн тытын начарлашы нымсыз күрөш жүргүзгөн ири феодалдар тез-тез алмаштырылып, такка өздөрүнө жаккан ханзааданы отургузуп турушкан. Хан сарайындагы так талашкан чыр-чатактар 40-жж. айрыкча күч алат да кыргыз, кыпчак феодалдары ордодо чечүүчү роль ойнойт. 1842-ж. Мадалы ханга каршы козголоң чыккан.