Кокс газы — көмүрдү кокстоодо бөлүнүп чыгуучу күйүүчү газ, 1 т көмүрдөн 310-340 м3 алынат. 1 м3. К. г. суутектек, метан, көмүр кычкыл газынан жана газ түрүндөгү углеводороддон тышкары 80-130 г бензол углеводороду, 8-12 г аммиак, 6-25 г суутек сульфиди 250-450 г суунун буусу, 15-35 г катуу зат болот. Кайра иштетүү менен мындай газдан таш көмүр чайыры, чайырдуу суу жана чийки бензол бөлүнүп алынып, алардан таза хим. заттар алынат. Темп-расы 700°С болгон кокстоочу аппараттан чыгып жаткан газ муздатылганда чайыр буусу, суунун буусу суюктукка, суюлтулган суунун буусунда аммиак эритмеге айланат. Сууда сиңирилбей калган аммиак күкүрт к-тасына сиңирилип аммоний сульфатына айландырылат. Газдагы бензол жана анын гомологунун буусу соляр майына сиңирүү менен бөлүнүп алынат. Жогоруда аталган продуктулар бөлүп алгандан кийинки газ курамы Н=54-59 %, СН4 =23-28 %, СО=5-7 %, оор углеводород 2-3 %, 3-5 %, СО 2 =1,5-2,5 %, О 2 =0,3-0,8 %. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү 16750-17200 кДж/м3. Аммиак өндүрүүдө суутек булагы катары жана ө. ж. мештерин ысытууда колдонулат. Нефть продуктуларын (керосин, лигроин) кокстоодо чексиз углеводород (этилеи, пропилен, бутадиен) турган газдар пайда болот. Алар полимер материалын, орг. продукту-лар алууда колдонулат. Мазут кокстоодо бензин газ түрүндө бөлүнүп алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү