Кокту
Кокту, колот — эки кырдын ортосундагы узунунан кеткен ойдуң жер. Негизинен көтөрүңкү жерлерде, адырларда, тоо этектеринде, ири суу өрөөндөрүнүн капталдарында убактылуу аккан суунун тоо тектерди жууп кетишинен пайда болот. Мындай жерлер кокту-колот деп да айтылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9