Кокцидиоз, эймериоз — мал жана куштун мите (инвазиялуу) ылаңы; кээде киши да ооруйт. Кокцидия митеси козгойт. Кокцидиоз менен уй, кой, тоок, чочко, куну айбанат жана ит, балык, коён ылаңдайт. Кокцидиоз менен көбүнчө төл жазында, жайында өз алдынча тоюттанууга өтүү маалында ылаңдап, өзгөчө бөжөк, жөжө көп чыгашага учурайт. Ылаң Кокцидиоздун козгогучу менен булганган жем, чөп, суу, төшөлгө, топурак, шайман аркылуу жугат. Кокцидия боор, бөйрөк, ичегинин эпителий клеткаларында мителейт. Жашыруун мезгили 3 күндөн 2 жумага чейин. Ылаңдаган малдын шайы кетип, жем, чөп жебейт, ичи көөп, арыктайт, булчуңдары тырышып, шал болот. Алдын алуу чаралары: айлана-чөйрөдө мителерди (ооцисттерди) жок кылуу, ылаңдуу малды бөлүп дарылоо, төлдү бөлүп багуу, жайытты улам алмаштырып туруу, ветеринардык-санитардык эрежелерди туура сактоо. Дарылоодо статиль, декокс, койден жана башкалар пайдалуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү