Колбоор - бүркүт кармоочу тор. Ал кереге сымал, үстү туюк, кээде ачык да болот. Колбоор кыргызда алгыр куштарды кармоо үчүн түйүлгөн торлордун «байлооч тор» деген түрүнө кирет. Байлооч тор бүркүт келип түшкүдөй үстү туюк, кээде ачык жайылып, бир нече ичке узун таякчаларга туш тарабы бүт керилип бекитилет. Тор көлөмү чоң, жиби жоон, көздөрү укум болуп түйүлөт. Айланасы 15-18 м. бийиктиги 3-4 м. болуп туташ же 3-4 бөлүктөн турат. Колбоор бүркүт учуп өтө турган мерчемдүү бийик, кайкаң келген көрүнөө жерге жайылат. Саятчы оочада күтүп турбай, күн алыс келип текшерип, байлоочко жем, суу берип турат. Колбоорлордун ичиндеги байлоочко бүркүт тийгенде тордун ичине же сыртына чалынып чаташып, оролуп калат. Байлоочту карышкыр илбирс жана башка жырткычтар жеп кетпесин үчүн колбоордун этек жагын чоң-чоң таштар менен бастырып коет. Бул өнөр сейрек болсо да ушул кезге чейин колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү