Колвези - Конго Демократиялык Республикасынын түштүгүндөгү шаар. Катанга провинциясында. Калкы 1,0 млн (2009). Колвези аркылуу Трансафрика темир жол өтөт. Ал аркылуу Лобиту (Ангола) жана Бейра (Мозамбик) порттору менен байланышат. Шаар Жездүү кырчоонун батыш рудниктер тобунун борборунун штаб-квартирасы катары 1937-ж. негизделгенетикалык 1978-ж. Конгону бошоткон улуттук фронт тарабынан убактылуу басылып алынган. Түстүү металлургия (кадмий, кобальт, цинк, германий), химиялык (лак-боёк), тамакаш өнөр жайы, Колвезиге жакын (Луилу) жез жана кобальт эритүүчү ишканалары иштейт. Колвезиге жакын Луалаба дарыясында плотина жана ГЭС курулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү