Колгеев аралыБаренц деңизинин түштүк-чыгышындагы арал. Материктен 75 км аралыкта. Россиянын Архангельск облусунда (Ненец АО). Материктен 80 км аралыкта. Аянты 5.200 км². Жеринин бетинде 70-80 м бийиктеги морена дөбөлөрү көтөрүлүп жатат, эң бийик жери 166 м, түштүк бөлүгү түзөң. Көл жана саз көп. Жээктери тегиз, түндүк-батышы бийик жана тик. Климаты континенттик, деңиздик мүнөздө. Эң суук айынын (март) орточо температурасы -14°С, эң жылуу айыныкы (август) 9°С, жылдык жаан-чачыны 350 мм. Мамык чөп-эңилчектүү тундра өсүмдүктөрү басымдуу; түштүгүнө бадалдуу тундра мүнөздүү. Сүт эмүүчүлөрдөн ак түлкү, түлкү кезигет. Жайында келгин куштар уялайт. Нефть өндүрүлөт. Бугу багуу, балык жана аң уулоо өнүккөн. Колгеевде Бугрино, Северный кыштагы жайгашкан. Аралдын аты 16-17-кылымдагы карталарда кездешет.

Колгеев аралы.
Колгеев аралы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү