Колдонуучунун интерфейси

Колдонуучунун интерфейси

Түшүндүрмө түзөтүү

Колдонуучунун интерфейси иштетүү системинин элементи болуп колдонуучу менен компьютер ортосундагы өз ара аракетти аныктайт. Иштетүү системи жана програмдык жабдыктар колдонуучу менен компьютер ортосундагы аракеттерди уюштурууга багытталып түзүлөт. Колдонуучунун интерфейси маалыматтарды компьютерде көрсөтүү жана аракеттерди аткартуу жолдорун програмдык жабдык аркылуу компьютерге кабарлап турат. Иштетүү системинин элементи болгон колдонуучунун интерфейси компьютер менен болгон өз ара аракетти аныктайт. Буйруктар сабы, меню жана графиктик башкаруу болуп, интерфейс үч типке бөлүнөт.Меню бул интерфейсти уюштуруунун негизги формасы, ал колдонуучу өзүнө керектүү элементти тандап алуу үчүн экранда чыгарылып туруучу тизме. Графиктик интерфейс колдонуучунун жалпы интерфейси болуп эсептелет. Графиктик интерфейс текст жана графикти бириктирүү менен програмдык жабдыктарды пайдаланууну жеңилдетет. Колдонуучунун графиктик интерфейси икон, терезе, меню жана баскычтардын жардамы менен аткарылат. Иштетүү системдеринин көпчүлүгү бул типтердин комбинациясын пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3