Колдонуучу:Kurmanbek producer/Каныбек Казакбаев
КАЗАКБАЕВ КАНЫБЕК ТАИРОВИЧ
Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын артисти, Эстрада тобунун ырчы-музыканты жана топ башчысы, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси Каныбек Казакбаев боюнча маалымат.
- Казакбаев Каныбек Таирович, 1974-жылы 8-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Ак-Суу айылында төрөлгөн.
- 1981-1991-жылдары Лейлек районуна караштуу М. Горький атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.
- 1991-1995-жылдары Бишкек шаарындагы Б. Бейшеналиева атындагы көркөм - өнөр институтунун "хор - дирижерлук" бөлүмүндө окуп, жогорку билим алган.
- 1995-97-жылдары “Максат Бишкек” тобунда ырчы-музыкант катары иштеп, чоң чыгармачылыкка алгачкы кадамын таштаган.
- 1998-1999-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, этика жана эстетика кафедрасында мугалим болуп эмгектенген.
- Кийинчирээк турмуш шартка байланыштуу жеке ишканаларда иштеп жүргөн.
- 2017-жылдан тартып ушул мезгилге чейин Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын алдындагы "Эстрада" тобунда ырчы-солист катары эмгектенип келе жатат.
- Чыгармачылык жолунда он чакты обондуу ырларды жараткан. «Классташтар», «Тагдыр», «Жалгызым сени сагындым», «Мен сени сагынып калыпмын» - сыяктуу чыгармалары бир канча аткаруучулардын репертуарын толуктап, эл алдында ырдалып келатат.
- Каныбек мырза өзүнүн өнөр жолунда бир катар ийгиликтерди жаратып, лауреат болуп, мамлекеттик сыйлыктарга да татыган. Мисалы: Эл аралык "Ысык-Көл азем түндөрү" вокалдык фестивалынын лауреаты, “Жаштык ыры” теле-фестивалынын лауреаты, ошондой эле Жалал-Абад шаардык мэриясынын “Ардак грамотасы”, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси сыяктуу наамдарга жетишкен.
- Үй-бүлөлүү, 1 уул, 3 кыздын сүйүктүү атасы.