Колдонуучу:Kurmanbek producer/Кубанычбек Миталипов
МИТАЛИПОВ КУБАНЫЧБЕК ТУРДАЛИЕВИЧ
Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын артисти, куудул Кубанычбек Миталипов боюнча маалымат
- Миталипов Кубанычбек Турдалиевич 1964-жылы 22-июнда Ош облусуна караштуу 1-май айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
- 1971-жылы 1-класска барып 1979-жылы 8-классты бүтүргөн. Андан кийин Кызыл-Кыя шаарына караштуу мектеп-интернатында окуган.
- 1979-жылдан баштап 1982-жылга чейин Ош облустук 1-май айылына караштуу Каравандагы №2-кесиптик техникалык окуу жайды бүтүргөн.
- 1982-1984-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1985-жылы Кызыл-Кыядагы Апшыр-Ата карьеринде жүк ташуучу автобазада айдоочу болуп иштеген. Ошол эле 1985-жылы Кызыл-Кыя ТФЗга жумушка кирген.
- 1986-жылы Кызыл-Кыя ДКШда артист, 1987-1990-жылдары Ноокат маданият үйүндө артист, 1990-2000-жылдары Ошто «Кыз Бурак» тобунда куудул жана «Эламан» тобунда куудул, 2000-жылы «Бешилик» тобунда куудул катары калың элдин катмарына таанылып чыгармачылыгын уланткан. 2003-жылы Ош филармониясында артист болуп иштеген.
- 2006-жылдан бери Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясында куудул, артист болуп эмгектенип келе жатат.
- Сыйлыктары: 2007-жылы Супер куудул номинациясына ээ болгон, 2018-жылы өткөн II эл аралык күлкү фестивалынын дипломанты.
- Үй-бүлөлүү, төрт уулдун атасы, алты неберенин чоң атасы.