Колдонуучу:Kurmanbek producer/Самаган Кочкоров

КОЧКОРОВ САМАГАН ТУРГУНБАЕВИЧ

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын артисти, Маданияттын мыкты кызматкери, обончу-аткаруучу Кочкоров Самаган Тургунбаевич тууралуу

  • 1975-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун, Кербен айылында төрөлгөн.
  • 1982-1992-жылы Сузак районуна караштуу №13- Орто Азия орто мектебин ийгиликтүү аяктаган.
  • 1993-жылы «Нур»  коммерциялык  телеканалы тарабынан уюшулган «Махабат ыры» кароо-сынагына  катышып, алдыңкы  орунду багындырган. 2000-жылы "Ысык-Көл кадыр түн" сынагында ошондой эле "Жалал-Абад азем түндөрү" эл аралык сынагында Жалал-Абад жөнүндөгү ырлар номинациясы боюнча 1-орунду ээлесе ал эми 2001-жылы "Жалал-Абад азем түндөрү - Шамшыкал" конкурсунда лауреат болгон.
  • 1994-1998-жылдары «Нур» коммерциялык телеканалында музыкалык  редактор, алып баруучу болуп иштеген.
  • 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик технологиялык университетине  тапшырып, 2013-жылы Экономика жана ишкердик университетинин  «Финансы жана кредит» адистиги боюнча экономист квалификациясы  ыйгарылган.
  • 1998-жылы Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясына артист, сахна машинисти болуп жумушка кабыл алынып, ушул күнгө чейин  таалыкпай эмгектенип  артист кызматын аркалап келет.
  • Ушул 20 жыл аралыгында көптөгөн шаардык, облустук, республикалык бир канча иш-чараларга катышкандыгы, ырчылык, обончулук үзүрлүү эмгеги үчүн, райондук, шаардык, облустук Ардак грамоталарга татыктуу деп табылган. Эң башкысы Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси ыйгарылган ошондой эле «Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жана Сузак районунун Ардактуу атуулу» наамдарынын ээси  болууга жетишкен.
  • Азыркы учурда обончу-аткаруучу катары жаштарга үлгү болуп, филармониянын алдындагы “Кылым мурасы” кернейчилер тобун жана “Нур эстрадалык тобун” жетектеп келатат.
  • Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.