Коллапсартерия жана вена кан тамырларынын басымынын кескин төмөндөшү, борбордук нерв системасынын ишинин начарлашы жана зат алмашуунун бузулушу менен мүнөздөлүүчү өмүргө коркунучтуу оор абал.

Оорудун белгилери түзөтүү

Мээдеги кан тамырларды кыймылга келтирүүчү борбор жабыркаганда кан тамыр тонусунун төмөндөшү кан тамыр кемтигине дуушарлантат жана кан басымын төмөндөтөт.

Коллапста кан тамырларга кан бөлүштүрүү бузулат: ич көңдөй органдарынын кан тамырларына кан көп толуп, ал эми мээ, булчуң жана тери кан тамырларында кан кескин азаят. Кан тамырларда кандын азайышы кандагы кычкылтектин азайышына алып келет.

Коллапс кан өтө көп кеткенде, кычкылтек жетпегенде, өтө ачка болгондо, кырсыкка чалдыкканда, кескин кыймыл жасаганда (ортостатикалык коллапс), өтө чарчап чаалыгууда, ошондой эле ууланууда жана айрым ооруларда (келте, өпкөнүн сезгениши, панкреатит жана башка) болушу мүмкүн.

Оорудун белгилери түзөтүү

Коллапста тери кубарып, муздак тер чыгат, кол-бут көгөрөт. Көз чүңүрөйүп, жаагы шимирилет. Артерия кан басымы кескин төмөндөп, тамыр солгундайт, кээде таптакыр какпай калат, энтигип тез-тез дем алат. Оорулуу заара ушатып же зандап жибериши да мүмкүн. Дененин температурасы 35°ка чейин төмөндөйт. Оорулуу шалдырап, көзү караңгылайт, кээде эсинен танат. Коллапста кечиктирилбестен тез жардам чакыруу зарыл. Догдур келгенче оорулууну жаздыксыз жаткырып, бутун бир аз жогору көтөрүп нашатырь спиртин жыттатуу керек. Буту-колуна жылыткыч коюп, ысык чай же кофе ичирип бөлмөнү желдетүү зарыл. Мындай оорулуу сөзсүз ооруканага жеткирилүүгө тийиш. Коллапста өз учурунда көрсөтүлгөн жардам натыйжалуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8