Колледжтердин жана университеттердин рейтингтери

Колледжтердин жана университеттердин рейтингтери (англ. College and university rankings) – ар кандай факторлордун ар кандай комбинациялары боюнча түзүлгөн жогорку оку жайлардын рейтингтери. Көптөгөн учурларда рейтингтер - журналдар, гезиттер, веб-сайттар, өкмөттөр жана окумуштуулар тарабынан жетекчиленет. Бардык институттардын рейтингине кошумчалуу уюштуруучулар белгилүү программалар, бөлүмдөр жана мектептер боюнча да рейтингтерди түзүшөт. Ар кайсы рейтингтер финансылык камсыздоо жана жардам берүү комбинацияларын, изилдөөлөрүнүн мыкты же таасирдүү болгондугун, кирүү акысын, бүтүрүүчүлөрүн, алган сыйлыктардын санын, улуттук чөйрөсүн, бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуусун, өндүрүш байланыштарынын өнүгүүсүн, тарыхый репутациясын жана башка талап кылынган нерселерди эске салышат. Көптөгөн учурларда ар кандай рейтингтер көбүнчө институционалдык изилдөөлөрдүн натыйжаларын баалашат. Бир топ рейтингтер бир өлкөнүн ичиндеги окуу жайларды баалашса, башкалары дүйнө жүзүндөгү окуу жайларды баалашат. Рейтингтердин так болгондугу жана керектүүлүгү көптөгөн тартыштарды жараткан. Баа берүү методологиялардын өсүшү жана аларды сынга алуусу бул тармактын бир бирдиктүү системге келбөөсүн аныктайт. Мындан тышкары, ашыкча өзүнө-өзү шилтеме берүү рейтингтер системин алдаганга мүмкүн богондугун көрсөтөт. Академиялык рейтингтердин ар түрдүүлүгү академиялык чөйрөдөгү комплекстүү дарамети боюнча ар кайсы академиялык окуу жайдардын ар тараптуу серебин жана терең көзөмөлүн камсыз кылат. БУУ жалпы коомго жагымдуу болгон жана бардык катышуучуларды билим менен камсыз кылуучу күч катары каралган жогорку окуу жайларды козгоп жатканда, институттар рейтинги коомдун адилеттүү баалоосунун ачык айкын куралы болуп эсептелет.

Шилтемелер түзөтүү