Коллекция (лат. collectio – чогултуу) – жалпы социалдык, маданий, эстетикалык же башка максаттарда бириктирилген жана бир бүтүндүктү түзгөн нерселердин (сүрөт чыгармаларынын, тыйындардын, маркалардын ж. б.) жыйындысы. Демейки жарандык урунтта К. көптөгөн нерселерден түзүлсө да, бирдиктүү, бөлүнгүс буюм катары каралат. Ошондуктан, К-га карата бир канча адамдын менчиктөө укугу пайда болгондо (м.: мурастоодо), ал эгер өзүнүн наркын жана маанисин жогото турган болсо, натуралай бөлүштүрүүгө жатпайт; бөлүнүп кетүүчү менчик ээсине анын акчалай наркы берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү