Коллиматор [латынча collimo (collineo) — түз сызык боюнча багыттайм] — нурдун (электр-магнит нурлануусу) же бөлүкчөлөрдүн (атом, электрон, элементардык бөлүкчөлөр) ичке параллель топ агымын пайда кылуучу түзүлүш. Коллиматор фокалдык тегиздигинде жарыктандырылуучу нерсе жайгашкан объектив же томпок күзгүдөн турат. Объектив жана нерсе ичи карартылган түтүккө бекитилгенетикалык Коллиматордон чыккан нурлардын жарыштыгы болжолдуу болот. Анткени нерсенин бир чекитинен чыккан нурлар объективдин аберрациясынын жана дифракциясынын натыйжасында өз ара өтө так параллель болушу мүмкүн эмес. Нерсеге таасир этүүчү фокустук аралык жана объективдин аберрациясын оңдоо сапаты, ошондой эле нерсенин формасы жана өлчөмү Коллиматордун арналышына жана аны пайдалануу шартына жараша тандалат. Коллиматор астрономияда, спектр аспаптарында, ар кандай өлчөөчү, сыноочу оптика-механикалык куралдарда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү