Коллоид тутумдары
Бул макаланы «Коллоиддик тутумдар» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Коллоид тутумдары — ири дисперсиялык системалар менен чыныгы эритмелердин ортосундагы дисперсиялык системалар. Алар дисперсиялык фазасынын өлчөмү 10-6-10-7 см, ал эми дисперсиялык чөйрөсү 10-7-10-8 см турган гетерогендүү системалар. Газда жана суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, дисперсиялык чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперсиялуу Коллоид системалары (түтүн, золдор) туруктуу келишет да, седиментацияланбайт, башкача айтканда чөкмө пайда кылбайт. Коллоид системаларындагы дисперсиялык фазанын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрөнүн молекулалары менен жакшы аракеттенсе, лиофилдүү коллоиддер пайда болот. Алардын фазалар аралык беттик тартылуу кубаты өтө аз. Лиофилдүү коллоиддер катуу заттын ири бөлүкчөлөрүнүн же суюктуктун тамчысы эң майда коллоиддик бөлүкчөлөргө же мицеллаларга майдаланышынан пайда болот. Коллоид системаларынын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрө менен өз ара начар аракеттенсе, лиофобдуу коллоиддер пайда болот. Буларда фазалар аралык тартылуу күчү көп. Ошондуктан коллоиддик бөлүкчөлөр ириленип, эркин беттик кубатты азайтат. Ал лиофобдуу коллоиддердин бузулушуна алып келет. Лиофобдуу коллоиддердин туруктуулугун сактоо үчүн стабилизатор (бөлүкчөлөрдүн биригип жабышуусун токтотуучу заттар) колдонулат. Коллоид системаларына силикат желимине окшош заттар, суспензиялар, чаң, түтүн, көбүктөр, эмульсиялар, туман, металлдардын гидрожана органозолдору жана башкалар кирет.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9