Колонна (французча  colonne, латынча columma, англисче column, немисче saule) – 1) сөздүн кеңири маанисинде – бардык түрдөгү тик таяныч (каркастык курулуштардагы темир бетон, металл тирөөчкө чейин). 2) туурасынан кесилишинде тоголок (сейрек башка формада болот), капители бар, көпчүлүк учурда базасы да бар тик таяныч. Классикага чейинки архитектуралык системаларда К-лардын өзүнчө түрлөрү – лотос жана папирус сымал К-лар пайда боло баштады. Алар Байыркы Египетке таандык. Андан соң жогору көздөй кеңейип кеткен Эгей дүйнөсүнө таандык К-лар пайда болгон. Классикалык архитектурада К. – ордердин үч негизги (төмөн жагынан өзү кармап турган антаблемент жана өзү таяныч кылып турган пьедестал менен бирдикте) бөлүгүнүн бири. К-нын ар кандай модификациялары бар жана аларда анын профилинин өзгөчөлүгү сакталган, бирок пластикасы өзгөртүлгөн (пилястра, ордердик ти­рөөч) же чектелген (байланыштуу колонна). Мындан сырткары, бир бөлүгү дубалдан чыгып турган жарым колонналар да болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү