Колорадо платосуТүндүк Америка Кордильерасынын ички тилкесиндеги плато, АКШнын түштүк-батышында. Түндүк-батышынан Чоң Бассейн, чыгыш жана түндүк-чыгышынан Аскалуу тоолор, түштүгүнөн Мексика тайпак тоосунун ички аймактары менен чектешет. Аянты Э0о миң км2. Басымдуу бийиктиги 1800-2500 м, эң бийик жери — Хамфрис-Пик тоосу (3861 м). Колорадо кембрийге чейинки кристаллдык тектерден түзүлүп, үстүн палеозойдон палеогенге чейинки калың чөкмө тектер каптап жатат. Дарыя каньондору (шаңшаарлар) менен тилмеленген (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон жана башкалар). Кайнозойдогу көтөрүлүүдөн вулканизм процесси жүрүп, дарыялар тоолорду жемире баштаган (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньондун пайда болушу). Колорадонун айрым жерлери супа сымал түзүлүштө, капталдары тик. Климаты субтропиктик, континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 200-500 мм. Талаа жана чөл өсүмдүктөрү (суккуленттер кошо) басымдуу. Колорадонун түштүгүндө «түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; андагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер жана эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; ошондой эле полиметалл кенташтары жана алтын кендери бар.

Колорадо платосу.
Колорадо платосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү