Колпаковский мандалагы (лат. Tulipa kolpakowskiana, Regel) - Пияз түбү жумуртка сымал формада, диаметри 2 см, сыртынан катуу кара-күрөң кабыктар менен оролуп, ички жагы жабышкан жыш чач сымал түктүү. Анча бийик эмес 10-20, кээде 35 см бийиктикте, сабагы жана гүл сабы түксүз, жылмакай. Гүлдөрү бир, көркөмдүү, гүл коргонунда ийилип, 4 см узундукта. Гүл коргонунун желекчелери сары, учтуу; сырткылары - созулма-ромбик сымал, каптал жактары жашыл-көгүлтүр түстүү. Аталыгы сары, гүл коргонунан кыска, аталык жипчеси жылаңач, түксүз, жогору жагы ичкерип кетет. Сабагында 3 көгүлтүр, четтери толкун сымал жалбырагы бар, туурасы-1,5 см.

Колпаковский мандалагы.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Апрелң-майда гүлдөйт. Уругу аркылуу көбөйөт. Өсүү шарттарын анча талап кылбайт. Башка өсүмдүктөргө жараксыз таштак кыртыштарда жакшы өсүп-өнөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түндүк Тянңшанң (Казакстан, Кыргызстан), Батыш Кытай. Кыргызстанда – Кыргыз тоо кыркасы, Ысыккөлдүн айланасы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоо этектериндеги түздүктөрдө жана өтө бийик эмес тоо алкактарындагы майда шагыл-таш топурактуу жерлерде өсөт.

Саны түзөтүү

Ареалы кыскарып, жаратылышта азайып бара жатат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Дың жерлерди өздөштүрүп, айдоо. Эл жашаган кыштактарда гүлүн чогултуу.

Өстүрүү түзөтүү

Орто Азиянын жана Казакстандын ботаника бактарында интродукцияланган. Селекция иштери үчүн баалуу өсүмдүк. Жаратылышта Островский мандалагы менен оңой эле аргындашат. Эң кызыктуу, декоративдүү формаларды жаратат.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн эң жыш өскөн аймактарында ботаникалык заказниктерди уюштуруп, гүлүн чогултуп, пияз түбүн казып алууга, урук байлагыча мал жаюуга тыюу салуу керек.

Статусу түзөтүү

VU. Түндүк Тянь-Шандын саны азайып бара жаткан эндеми. Эрте гүлдөгөн мандалак, гүлүнүн кооздугу менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү