Колпаковский чекилдеги (Iridodictyum kolpakowskianum, Regel), (Rodionenko (Iris kolpakowskiana Regel)) - Эрте жаздагы көп жылдык өсүмдүк. Пияз түбү жумуртка сымал, калыңдыгы 1- 1,5 см, торчодой-булаланган ачык-күрөң кабыкчалуу. Сабагынын бийиктиги 8-20 см, бир гүлдүү, жалбыраксыз. Сабак түбүндөгү жалбырактары үчтөн турат, тегинен жалпы чел кабыктай жалбырак кучагы менен курчалган. Гүлү сыя, узундугу 4-6 см. Гүл коргонунун сырткы жалбыракчалары ачык-сыя, ийрилген, ак темгилдүү, ичкилери болсо тескери ланцеттей. Гүл таажысы сары. Мөмөсү – көп уруктуу, үч уялуу, кырдуу кутуча, үч бөлүктүү болуп ачылат.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Март-апрелде гүлдөйт. Май-июнда урук байлайт. Уругунан көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Түндүк жана Батыш Тянңшанң (Чыгыш Өзбекстан, Түштүк Казакстан, Түндүк Кыргызстан). Кыргызстанда – Талас жана Кыргыз тоо кыркаларынын этеги; Фергана тоо кыркасында кездешери тактоону талап кылат.

Өсүү шарттары түзөтүү

Тоо этектеринин жана төмөнкү алкактардын лесс шагыл-таштуу беттериндеги майда топурактуу жерлер. Ксеромезоморфтуу эфемероид.

Саны түзөтүү

Чектелген. Айыл-кыштактарда жана эс алуу жайлардын тегерегиндеги аймактарда өсүү аянттары өтө кыскарган.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Массалык түрдө калк гүлүн үзүп, пияз түбүн казып алып жоготууда.

Өстүрүү түзөтүү

Өстүрүүгө өтө ылайыктуу. Бишкекте апрелдин биринчи жарымында гүлдөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Казак ССРинин Кызыл китебине (1981), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Сан өлчөмүн аныктоо. Жайыттарды туура пайдалануу, түр кеңири тараган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу керек. Гүлүн жыйноого жана сатууга таптакыр тыюу салуу.

Статусу түзөтүү

VU. Ареалы жана саны кыскарып жаткан түр. Эрте гүлдөөчү, гүлзарларда жана дем алуучу бактарда отургузууга ылайыктуу, сугатты талап кылбагандыктан көңүл бурууга татыктуу түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү