Колриж Сэмюэл Тейлор (21.10.1772, Девоншир Оттери-Сент-Мэри — 25.7.1834, Лондон) — англиялык акын жана адабий сынчы. 1789-ж. демократиялык маанайдагы «Бастилияны алуу» деген ыры жарыкка чыккан. Кийин консервативдик өңүткө өткөн. Колриж — «Лирикалык балладалар» (1798, У. Вордсворт менен бирге, бүтпөй калган «Кристабель» поэмасынын (1816-ж. чыккан), («Кубла хан же түштө көргөндөр» фрагментинин (1798), «Картаң моряк жөнүндө поэма» жана башкалар чыгармалардын автору. Шекспир тууралуу лекциялары (1849-ж. басылган) жана сынчыл эсселери бар. Колриждин поэтикалык Чыгармачылыгы 19-20-кылымдагы англис поэзиясына, Россияда Пушкинге (1830-жылдар) таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү