Колумбия платосуТүндүк Америка Кордильерасындагы плато, АКШнын түндүк-батышында. Каскад жана Аскалуу тоолорунун аралыгында жайгашкан. Аянты 500 миң км2. Бийиктиги 700-1000 м. Плато миоцен жана плиоцендин базальты менен капталып, палеозой менен мезозойдун кристаллдык жана чөкмө тектеринен турат. Платонун үстү лёсс менен капталган, күдүрлүү жана тегиз, түндүгү Колумбия, Снейк жана башкалар дарыялардын терең (900-1500 м) каньондору (шаңшаарлар) менен тилмеленгенетикалык Антропоген мезгилинде пайда болгон кургак каньондор (ГрантКули) да бар. Дарыяларда шаркыратма жана босоголор көп, ГЭС курулган. Талаа өсүмдүктөрү ээлеген платонун басымдуу бөлүгү айдоо (буудай).

Колумбия платосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү