Кол кармашышып жүгүрүшүү

Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 10—15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, стадион, талаа.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар экиден болушуп, бир биринин колдорун кармашышып, катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюн жетекчисинин буйругу боюнча, оюнчулар шериктери менен кол кармашышып жүгүрүшөт. Оюн оюнчулардын каалоосу боюнча 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага кол кармашышып биринчи келген оюнчулар, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Кол кармашышып секиришип жарышуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Кармашкан колдорду коё берүүгө, аралыктан шериксиз жалгыз жана толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнчулардын саны кеп болуп, аянтча кичине болсо, аларды топторго бөлүп өткөрсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ылдамдык тарбияланат, бир бирине жардам берүүгө, биримдикке үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү