Команда (спорттук) – мелдешке катышуучу өлкөнүн, шаардын ж. б. бирдиктүү клуб, коом спортчуларынын тобу. Команданын саны спорттун түрү жана мелдеш жөнүндөгү жобо боюнча аныкталат. Ар бир Командада жетекчи болот. Ал Команданын тартибине жооп берет, чүчү кулак кармаганга, калыстар коллегиясынын жыйынына катышат. Машыктыргыч түздөн түз Команданын мелдешке даярдыгына жоопкер болот. Курама Командада бир нече машыктыргыч (бири негизги) болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү