Комаров лепидолофасы (лат. Lepidolopha komarowii, C.Winkl) - Бийиктиги 1 м ге чейин жетип, түбүнөн баштап бутактанган бадал өсүмдүк. Бир жылдык бутактары түз, жабышып түктөнгөн, төмөнкү бөлүгү жыш жалбырактанган, ал эми жогору жагында бирин-серин жалбырактуу. Жалбырактары көгүлтүр-жашыл жабышкан түктүү; төмөнкүлөрүнүн узундугу 4-10 см, жалбырак саптуу, сызгычтай бөлүктүү, үчүлүк айчыктуу. Себеттери кыска гүл кармагычта 5-20 калкандай топ гүлгө чогулган. Ороочтору көп катарлуу, цилиндр сымал, алардын жалбыракчалары жыш, ыкталган түкчөлүү. Көкүлү урукчасынан эки эсе кыска.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү

түзөтүү

Июнң-июлң айларында гүлдөп, август-сентябрда мөмө байлайт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы

түзөтүү

Памир-Алай: Нуратоо, Койташ, Зарафшан, Гиссар тоо кыркаларыжана Батыш Тянңшанң: Пскем, Угам, Чаткал жана Сырдарыя Каратоосунун тизмеги (Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түштүк Казакстан). Кыргызстан үчүн гербарийдик чогултууда бир гана жерден белгилүү (Карасуу суусунун Нарын дарыясына кошулган куймасы).

Өсүү шарттары

түзөтүү

Тоолордун төмөнкү жана ортоңку алкактарындагы майда жана таштак топурактуу, шагылдуу беттериндеги шлейфтерде өсөт.

Жаратылышта өтө чектелген. Жалпы саны аныкталган эмес.

Чектөөчү факторлор

түзөтүү

Адамдын чарбачылык аракеттеринин өсүшү. Жайкы мезгилде малдарды эсепсиз жаюу.

Өстүрүү

түзөтүү

Азыркыга чейин маданиятташтырылып, изилденген эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери

түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

түзөтүү

Түрдүн эң жыш өскөн аймактарында ботаникалык заказниктерди уюштуруп, Кыргыз Республиканын УИАнын Ботаникалык багына интродукциялоо иштерин жүргүзүү.

Статусу

түзөтүү

EN. Тоолуу Орто Азиянын эндем түрү, эндем орто азиялык тукумдун өкүлү. Декоративдүү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү