Коммерциялык укук – укук илиминин тармагы жана маңызы товарларды өндүрүүчүдөн керектөөчүгө жеткирүү иштерин жана товар жүгүртүүлөрүн укуктук жөнгө салуу маселелери болгон окуу сабагы. Жарандык укук илиминин бир бутагы. «К. у.» аталгысын колдонуу соода окуу жайларында окутулуп жүргөн, комплекстүү мүнөзгө ээ болгон жана соода уюмдарынын ишмердигин аркыл: административдик, каржылык, жарандык, эмгектик, кылмыш-жаза ж. б. укук тармактарынын ченемдери менен жөнгө салууга арналган окшош аталыштагы окуу сабагынан бөлүүнүн зарылдыгы менен шартталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү