Коммуникациялар жана байланыш каражаттар комплекси

Коммуникациялар жана байланыш каражаттар комплекси. Коммуникациялардын ичинен транспорт өзгөчө маанилүү.

Транспорттун негизги милдеттери - өндүрүштүн болжолдонгон көлөмүн, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө сурооталапты жана транспорт компаниялары менен ишканаларынын сунуштарын эсепке алуу менен экономиканын, фирмалардын жана үй чарбаларынын ташууларга керектөөлөрүн толук канааттандырууга негизделет. Жүк ташуу боюнча транспорттун бардык түрлөрү ташуу мүмкүнчүлүктөрүнүн жетиштүү резервине ээ жана экономиканын тармактарынын жүк ташууларга керектөөлөрүн камсыз кылат.

Жүргүнчүлердү аба жана Автомобиль транспорту менен ташууларды Кыргызстанда көбөйтүүнүн эсебинен жүргүнчүлөрдү ташууну турукташтыруу белгиленүүдө. Аба катнашында ФРГ, Түркия, Кытай, Пакистан жана ОАЭ менен эл аралык үзгүлтүксүз жана чартердик рейстерди кеңейтүү, Бишкекти КМШнын шаарлары менен байланыштырып туруучу жаңы үзгүлтүксүз авиажолдорунда аба кемелерин пайдаланууну жакшыртуу каралууда. Франциянын «Томпсон» фирмасы менен контракт боюнча «Манас» аэропортунда аба кыймылы башкармасынын жабдууларын модернизациялоо аяктады. Улуттук авиакомпания республикадагы аэропорттордун тармакталган түйүндөрүнө ээ. 23 аэропорттун 14ү жасалма учуу-конуу тилкелерине ээ.

Борбордук Азиядагы эң ири аэротүйүндөрдүн бири болуп эсептелген Бишкек шаарындагы негизги «Манас» аэропорту төмөнкүлөр менен жабдылган:

  • саатына 1700 жүргүнчүнү тейлей турган азыркы аэровокзал менен;
  • саатына 350 жүргүнчүнү тейлей турган эл аралык аэровокзал менен;
  • 4200x60 метр өлчөмүндөгү жана иш жүзүндө дүйнөдө пайдаланылып жаткан аба кемелеринин бардык түрүн кабыл алууга жарактуу учуу-конуу тилкеси (УКТ) менен.

Кыргыз Республикасы Европа өлкөлөрүнүн Түштүк-Батыш жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрүнө транспорттук аба жолдорунун кесилишинде болуп, географиялык жактан пайдалуу жайгашкандыгынан улам «Манас» аэропорту белгилүү кызыгууну туудурат жана эң жакынкы келечекте бүтүндөй Борбордук Азия региону үчүн маанилүү транзиттик авиатранспорт түйүнү болмокчу.

Эл аралык ташууларды техникалык, коммерциялык жана сервистик тейлөөнүн нормаларынын жана стандарттарынын так сакталышын камсыз кылуу үчүн кээ бир объектилерди реконструкциялоо жана «Манас» аэропортун азыркы жабдуулар менен жабдуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9