Коммунитардык кыймыл жаңы социалдык кыймылдардын бутагына таандык; индивиддин өздүк стилине жана жашоо образына, өздүк чөйрөсүн калыптандыруу укугун коргойт.

Коммунитардык кыймыл көп учурда коомдук турмуштун эскирген формаларынын кыйрашы менен коштолгон өзгөчө интенсивдүү модерндештирүү мезгилдеринде активдештирилген. Ага мисал: европалык романтизм менен америкалык коммунитаризм: биринчиси - өнөр жай революциясына эпкиндүү жооп катары болсо, экинчиси - ХV к. башындагы урбанизацияга жооп болгон. Бүгүнкү күндөгү коммунитаризм контркультуранын агымдарынын тегерегинде кайра жаралган жана сапаттык жаңы социалдык тартиптин түзүлүшүн көрсөткөн. Ал өзүн-өзү башкаруу башаттарында өкүм сүргөн эркин граждандардын децентралдаштырылган коммунитардык биримдигине негизделген.

Коммунитардык кыймыл күчтүү утопиялык маңызга ээ. «Чоң коомго» каршы турган, өзүнүн утопиясын сөзсүз түрдө ишке ашырууга умтулуусу менен мүнөздөлөт. Ошону менен бирге ал граждандык демилгелер, өзүнө-өзү жардам берүү тармактарын түзүү үчүн кыймыл сыяктуу жаңы социалдык кыймылдардын терең прагматикалык багыттары менен байланышкан. Альтернативдүү диний кыймылдардын өкүм сөрүүсүнүн формасы катары коммунитаризм көп учурда кездешет. Жалпысынан алганда коммунитардык пландагы кыймылдар жаңы түшүндүрөтүлгөн «убакыттан тышкары» баалуулуктарга таянган, кезектеги коомдук консенсустун орношуна бел койгон жаңы түшүнүүнү иштеп чыгууга кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6