Өнөктүк же компания (французча compagnie; англисче company) – коммерциялык же өндүрүштүк ишмердик үчүн түзүлгөн жактардын ассоциациясы. Компания өнөктөштүктүн – корпорациянын принциптеринде аракеттенет – ошондой эле ишкердиктин башка түрлөрүнө ээ боло алат. Мындай өнөктөштүк Компаниянын карыздары үчүн толук жоопкерчиликтүү эки же бир нече жеке адамдардын ортосундагы келишимдин негизинде түзүлгөн ишкер уюмдун бир түрү болуп эсептелет. Жоопкерчилиги чектелген Компания өз пайынын (салган капиталынын) чегинде карыздары үчүн чектелген жоопкерчиликке ээ. Инвестициялык компания (трест) менчик баалуу кагаздарын корпорациянын баалуу кагаздарына сатуу аркылуу мобилизациялануучу капиталды алат. Компаниянын инвестициясынан алынган киреше оперативдүү чыгымдарга жана Компания мүчөлөрүнө дивиденддерди төлөөгө жумшалат. Коммерциялык кредит Компаниясы адистештирилген кредиттөөнү ишке ашырат. Холдинг Компаниясы оперативдүү Компаниянын ишмердигине контролдук кылуучу көлөмдөгү башка Компаниянын (көбүнчө оперативдүү) акцияларына ээлик кылат. Оперативдүү Компания бизнести уюштуруучунун милдетин аткарат. Бир эле мезгилде оперативдүү жана холдинг болгон Компания да кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү