Компас (кыбланама) — мейкиндикти аныктоо үчүн колдонулган жабдык.

Азыркы замандын компасы

Сөздүн этимологиясы түзөтүү

Латынчанын карапайым тилиндеги *compassare «өлчөө» деген сөзүнөн келип чыгат. Кыргыз тилине орус тилиндеги компас сөзү аркылуу кирген. Ал эми орус тилине немис тилиндеги Kómpass сөзүнөн өздөштүрүлүп алынган.

Тарыхы түзөтүү

Магниттин уюлдарды жана жердин тартылуу күчүнүн магнитке тийгизген таасирин алгачкылардан болуп кытайлар изилдешкени маалым. Кытайлар бул ачылышты 1100-жылдары Сун династиясынын тушунда жасашкан. Жаңы жабдык ал кезде чөлдөгү ориентацияны билүү үчүн колдонулган. Жабдык кийинчерээк араб саякатчыларынан колуна өтүп, алар тарабынан да кеңири пайдаланылган. Ошентип, 12-кылымдардын акыркы ченинде Европага жеткен. Француз булактарында алгачкы ирет 1200-жылдары учурай баштайт. Көп өтпөй эле 1207-жылы Англияга, 1213-жылы Исландияга билинген. Ал кездердеги компас абдан примитивдүү формага ээ болгон. Азыркы формасы Пьер де Марикор (Pierre de Maricourt) тарабынан 1269-жылы ойлоп чыгарылган.

Колдонуу чөйрөсү түзөтүү

Тарыхта компасты саякатчылар (бөтөнчө, деңиз саякатчылары), учкучтар, аскерлер, металлургдар, архитекторлор, токойчулар, геодезисттери (карталарды түзүү максатында), тыңчылар, альпинисттер, спортчулар көбүрөөк колдонушкан.