Компенсациялоочу түзүлүш

Компенсациялоочу түзүлүш электр системасында - өзгөрмө токтун электр линияларындагы (ЭЛ) электр системасынын элементтеринде жана каршылыктарда сарп кылынган реактивдүү кубаттуулукту компенсациялоочу (ордун толтуруучу) түзүлүш.

ЭЛде Компенсациялоочу түзүлүш катары электр конденсаторлорунун узата туташтырылган жана туурасынан туташтырылган электр реакторлору менен синхрондуу конпенсаторлор колдонулат. Алар ЭЛдин акыркы же аралык подстанцияларына орнотулат. Булар электр линияларынын токту өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана ЭЛдин ишинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу (активдүү кубаттуулуктун коромжу болушун азайтуу, ар түрдүү каршылыктарда чыңалууну талап кылынган мааниде кармоо ж. б.) үчүн колдонулат.

Башкарылуучу Компенсациялоочу түзүлүш (конденсаторлордун жөнгө салынуучу батареялары, синхрондуу компенсаторлор жана дүүлүктүрүүсү автоматтык түрдө жөнгө салынуучу кыймылдаткычтар) электр системасында чыңалууну автоматтык түрдө жөнгө салуу үчүн пайдаланылат. Компенсациялоочу түзүлүштүн кубаттуулугу жана орнотула турган орду эсептөөнүн негизинде алынган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.