Компрессор
Компрессор – абаны, газды, бууну кысууга арналган пневматикалык механизм. Кысылган аба, өнөр жайында жана тоо-кен өндүрүшүндө бургулоо иштерин жүргүзүүдө коркунучсуз энергия булагы катары пайдаланылат. Ошондой эле буу турбиналык кыймылдаткычта колдонулат. Жөнөкөй Компрессор алдыга-артка кыймылдоочу поршендүү цилиндрден турат. Капкагында соргуч жана толтургуч клапандары жайгашкан. Цилиндрлер улам кийинки баскычтарга биригет жана алардын ар биринин кысуу деңгээли 7:1ге чейин. Кыскан маалда газ ысый баштайт да, муздатуучу система талап кылынат. Кысылган газ май чачылып муздатылат. Жогорку кубаттуулуктагы Компрессорлорго жогорку айлануудагы радиустук жана октук (өзөктүк) турбокомпрессорлор кирет.
Колдонулган адабияттар Түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9